Кыргызстанда “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу боюнча борбору түзүлдү. Борбор атамекендик бизнестин сырткы рынокко чыгышына жардам берет. Бул тууралуу Accelerate Prosperity тарабынан уюштурулган экспорт маселесине байланышкан жыйында “Кыргыз экспорт” борборунун өкүлү билдирди.
Ал белгилегендей, продукцияларды рынокторго натыйжалуу жайылтууну мамлекет камсыздашы керек. Так ушунда жергиликтүү продукциялар арасындагы атаандаштыкты жаратуу боюнча мамлекеттик саясаттын маңызы жатат.
“Экспортту алдыга жылдыруу өлкө үчүн абдан маанилүү, анткени экспорттон түшкөн пайда ИДПнын өсүшүнө түздөн түз салымын кошо алат. Ошентип, Кыргызстандын экономикасы ар бир ишкерге байланыштуу болот”, - деди ал.
Ошондой эле ал экспорттук атаандаштык жөндөмдүүлүк ийгиликтүү өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү башкы индикаторлордун бири болуп саналаарын белгиледи. Экспорттун деңгээли канчалык бийик болсо, мамлекеттин аракетинин натыйжалуулугу дагы ошончолук жогору болоорун кошумчалады.
“Экспорттук атаандаштык жөндөмү дегенде биз эмнени түшүнөбүз? Бул биринчи кезекте ишкерлердин өндүрүү, дистрибуцияны жөнгө салуу, ошондой эле товарын жана кызматын сатуу жөндөмү болуп саналат. Эгерде кимдир бирөө муну натыйжалуу жана жыйынтыктуу жасаса, ошол эле учурда эч кимди алдына чыгарбай, ал турмак алдыга бир топ озгон болсо, анда биз аны атаандаштыкка жөндөмдүү деп атайбыз”, - деп түшүндүрдү.
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, өлкөбүз эң көп продукцияны Россия, Казакстан жана Өзбекстанга экспорттойт. Жалпысынан алганда, дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөлөрүнө кыргыз товарлары барат. Алардын арасында Түркия, БАЭ, Кытай, Индия, Белорусь, Афганистан, Германия, Бельгия ж.б. өлкөлөр бар.