2024-жылдын 1-мартына карата "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун жалпы суммасы 6 млрд 249 млн 025 миң 918 сомду түздү. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, пайызсыз насыяны 9288 ишкер алды.

Алар:

- 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 110 ишкерге 4 млрд 471 млн 987 миң 243 сом берилген;

- 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1178 ишкерге  1 млрд 777 млн 38 миң 675 сом насыя берилди.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.