Ош облусу боюнча 2024-жылдын 12 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 148,6 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, анын ичинен:
1. Теңдөөчү трансферт – 129,6 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 11,3 млн сом;
3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 7,7 млн сом;
Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 51,4 млн.сом бөлүнүп берилди.
Жалпы –200,0 млн сом