Корея Республикасынын Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Р.Сүйналиев менен Корея Республикасынын Эксим Банкынын улук аткаруучу директору (коллегия мүчөсү) Хванг Киёндун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Финансы министрлиги билдирди. 

Жолугушууда инфраструктура, өнөр жай, транспорт жана энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыты катары жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча негизги маселелер, анын ичинде жашыл экономиканы финансылык жөнгө салуунун негизги инструменттерин ишке киргизүү маселеси талкууланды.

Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн тараптар туруктуу экономиканы түзүү стратегиясын ишке ашырууда жаңы инструменттерди жана каржылоо механизмдерин киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Белгилей кетсек, Корея Республикасынын Эксим Банкы менен өлкөнүн ар кайсы тармактарында кызматташууну кеңейтүү өлкөнүн экономикасынын стратегиялык жана маанилүү тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.