Өлкөдө студенттердин саны көбөйгөндүктөн, билим берүү чыгымдары жыл сайын көбөйүп жатат, деп билдирет Кыргызстандын Финансы министрлиги.
Маалыматка караганда, педагогикалык жана билим берүү системасынын айрым категорияларынын кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла жогорулады.
Чыгымдардын артыкчылыктуу багыттары болуп: билим берүү системасын санариптештирүү, окуу китептери менен камсыздоо, ошондой эле билим берүүнүн сапаты саналат.
- мектепке чейинки билим берүүгө, орто билимге, жогорку билимге жана кошумча билим берүүгө, квалификацияны жогорулатууга;
- балдар менен мектептен тышкаркы иштер боюнча мекемелерге/иш-чараларга, балдар үйлөрүнө, музыкалык мектептерге, балдардын атайын окуу мекемелерине, балдардын ден соолугун чыңдоочу уюмдарга;
- билим берүү жаатындагы илимий изилдөөлөргө чыгымдар жыл сайын өсүүдө.