Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда өлкөнүн сырткы карызынын көп бөлүгүн 2030-жылы төлөөгө туура келээрин билдирди. 

"2023-жылы 344 миллион доллар төлөндү, 2024-жылы 400 миллион доллар төлөйбүз. Ал эми 2025-жылы 430 миллион доллар төлөөгө туура келет. Жакынкы жылдарда сырткы карыз боюнча эң чоң төлөмдөрдү төлөйбүз, ал 2030-жылга чейин созулат", - деди мамлекет башчы. 

Ошондой эле ал ИДПнын көлөмү 1 триллион сомго жеткенин чоң жетишкендик катары баалады. Айтымында, бюджеттин кирешеси өсүүнүн үстүндө.