Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 млн доллар насыя берет. Бул келишимге Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви менен каржы министри Алмаз Бакетаев кол койду. Каражат 50 жылга пайызсыз насыя катары берилет.

Ал атайын жабдууларды, тактап айтканда, жеке сектор үчүн жылуулук насосторун сатып алууга, ошондой эле Бишкекти жашылдандырууга сарпталат.