Быйыл 9 айда “Газпром” ишканасы өлкө бюджетине 5 млрд 364 млн сом салык төлөдү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Анда айтылгандай, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги төлөмдөрдүн көлөмүнө салыштырмалуу 45 пайызга өстү. 2022-жылдын 9 айында 3 млрд 683 млн сомду түзгөн. Өлкөнүн мунай жана газ тармагын өнүктүрүүгө инвестициялардын көлөмү 42 млрд сомдон ашты.