2023-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 33 млрд сомго жакын пайда алынды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, бул аралыкта өлкөнүн экономиканын финансы секторунда 647 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 608 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 15 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүздү.

Финансы секторундагы уюмдардын кардарларынын базасы бир жылдын ичинде 4 миллиондон ашуун көбөйүп, 2023-жылдын сентябрынын аягына карата 11 миллиондон ашты. Анын көбөйүшү негизинен мобилдик банкинг системасына кошулган банктардын кардарларынын санынын, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалды.

2023-жылдын 9 айында экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин суммардык көлөмү 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга (16,7 млрд сомго) көбөйүп, 91 млрд сомдон ашты. Бул негизинен банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды. Ушул эле мезгилде финансы секторундагы уюмдардын чыгымдары 29 пайызга көбөйүп, 58,5 млрд сомду түздү.