"Кара-Суу" жана "Дордой" базары стратегиялык обьект саналат. Ошондон улам 2024-жылдын 1-январынан тартып “өзгөчө салык” режими киргизилип жатат.

2024-жылдын 1-январынан баштап аталган базардагы ишкерлер ККМ, ЭТТК жана электрондук эсеп фактурадан бошотулуп, өзгөчө салык режими менен иштеп башташат. Өзгөчө салык режими - бул панеттин эле бир түрү. Буга чейин патенттен түшкөн акча боюнча чектөө бар болчу, мындан ары ал чектөө алынып өзгөчө режим кирүүдө. Эгерде ишкердин жылдык айлантуусу 4 миллион, 8 миллион же 15 миллиондон ашуун болсо, ага жараша ставка бекитилет. Азыркы төлөнүп жаткан патент менен өзгөчө салык режиминин айырмасы анчалык эмес. 

Өзгөчө салык режими тууралуу кененирээк видеодон маалымат ала аласыз: