Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жарандарды үй менен камсыз кылуу тармагындагы иштер боюнча сөз козгоп, республиканын бардык аймактары боюнча үйлөр курулаарын, үчүн 2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд сом берилээрин билдирди.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2020-жылы араң гана 480 млн сом болгонун айтып: “Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 13,5 млрд сомго жеткирилди. МИК боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк, наркы арзан жана элге жеткиликтүү рыноктук шарттарда өзүбүз үйлөрдү курабыз. Бишкекте 6 миңден ашуун квартира курулуп жатат. Бул бүт аймактар боюнча үйлөр курулат”, - деди Акылбек Жапаров.
Булак: "Эркин тоо" гезити