Жогорку Кеңеш депутаты Мурадил Сыдыков бүгүн, 24-ноябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерди баяндады.

Ал жолдордун сапатына, коомдук транспорттордун ички каттамдарына, өндүрүштү өнүктүрүү негиздери менен катар республикалык бюджеттин көлөмүнө тиешелүү болгон маселелер тууралуу айтып жатып капиталдык салымдар беренесинде каралган баштапкы сумма өзгөрүүгө дуушар болгонун белгиледи.

“Бюджет маселесине келгенде капиталдык салымдар беренесине каралган баштапкы 5 млрд сомдук каражатты комитет сунуштары эске алынып, 10 млрд сомго чыгардык. Бирок, иш жүзүндө туруп калган курулуш жайларын жандандырууга бюджеттин өзгөртүүлөрүн эске алганда 2023-жылы 16 млрд. сом жумшалган. Демек, бул иштин натыйжасын камсыздоо аракеттеринин 3 эсеге көп каржылангандыгын далилдейт. Жалпысынан, бул сумма 600гө жакын объектилердин курулуш иштерине сарпталуучу каражат”, - деп билдирди М.Сыдыков.