2022-жылдын жыйынтыгы менен "Кумтөр" кенинин таза кирешеси 371 млн долларды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын 30 жылдыгына арналган салтантуу иш-чарада президент Садыр Жапаров билдирди.
Ал азыркы учурда "Кумтөр" бир мүнөт дагы ишин токтотпой, коюлган планды так аткарууда жана кенди мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча стратегиялык максаттарды ишке ашырып жатат.
"2022-жылдын жыйынтыгы менен 17,3 тонна алтын казылып алынып, төлөнгөн салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн суммасы 32,2 млрд сомду, ал эми таза кирешеси 371 млн долларды түздү", - деди мамлекет башчы.