Бүгүнкү күндө рынокто чет элдик валюта жетиштүү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Финансылык жөнгө салуу органы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар сатууга чектөөлөр киргизилип жаткандыгы тууралуу маалыматка комментарий берди. Анда айтылгандай, Улуттук банк чектөөлөрдү киргизген эмес.

“Валюта рынокто жетиштүү. Суроо-талап учурдагы мезгилге мүнөздүү нормадан ашкан жок. Улуттук банк кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө жана зарыл болгон учурда акча-кредит саясатынын колдо болгон инструменттеринин алкагында тиешелүү чараларды көрөт”, - дейт Улуттук банк.

Белгилей кетсек, учурда бир доллардын расмий курсу 88,92 сомду түзөт.