Бажы кызматкерлери дээрлик 9 миллион сомдук мыйзам бузууларды аныктаганын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, 2023-жылы Кыргызстандын резиденттери "Э. Н." ЖЧК, "С.К." ЖИнин дарегине кийим-кече, жашылча-жемиш сыяктуу товарлар Өзбекстан, Иран жана Түркмөнстандан жөнөтүлгөн. Жолдо Казакстандын бажы постунда бул товарларга 11 транзиттик декларация таризделген.
Бул транзиттик декларацияларга ылайык, товарлар жүк ташуучу унааларда ташылып, бажы тариздөөчү жерлерге жеткирилиши керек болчу.
Бирок, товарлардын жеткирилбегендиги жана тиешелүү бажылык тариздөөсүз товарларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталган. 11 транзиттик декларация боюнча жеткирилбеген товарлардын баасы 127 миң 416 долларды, товардын жалпы салмагы -282 526 кг, ал эми төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 млн 944 миң 428 сомду түзөт.
Көрсөтүлгөн фактылар боюнча материалдар каттоого алынып, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.