Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын (AIIB) Башкаруучулар кеңешинин 8-жылдык жыйыны, Шарм-Эль-Шейхте (Египет) болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

2023-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Египеттин Шарм-Эль-Шейх шаарында Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын (AIIB) Башкаруучулар кеңешинин жылдык 8-жыйыны болуп өттү.

2023-жылдагы жылдык жолугушуунун негизги темасы - "Дүйнөлүк татаал кырдаалда туруктуу өсүү".

Жыйынга Кыргыз Республикасынан КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Микро, чакан жана орто ишкерлерге ыкчам колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы менен артыкчылыктуу кызматташуу маселелери талкууланды, анын ичинде Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын. Ошондой эле банктын транспорт жана гидроэнергетика тармагындагы ири долбоорлорго техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Иш-чарада АИИБнын вице-президенти Константин Лимитовский жана башка өкүлдөр менен эки тараптуу жолугушуулар болуп, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча келечектеги биргелешкен долбоорлор талкууланды. 

Маалымат катары:

Азия Инфраструктуралык Инвестиция Банкынын (AIIB) жылдык жыйыны банктын катышуучуларынын жогорку даражалуу өкүлдөрүн, ошондой эле Азия-Тынч океан чөлкөмүндө финансылык кызматташтыкты илгерилетүү, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо боюнча эксперттерди чогулткан банктын маанилүү иш-чарасы.

Бул жолугушууларда Азия чөлкөмүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизги маселелери, анын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлор, каржы рынокторун өнүктүрүүгө жаңы ыкмалар жана башка актуалдуу маселелер талкууланууда.

AIIB жылдык жыйыны ошондой эле жаңы бизнес байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана банктын жакынкы келечектеги стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо үчүн аянтча.

АИИБде Кыргыз Республикасынан Финансы министрлиги башкаруучу болуп эсептелет, альтернативдуу башкаруучу - Экономика жана коммерция министрлиги.