Ханчжоу шаарына (Кытай Эл Республикасы) жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азия оюндарынын алкагында Түштүк Кореянын Премьер-министри Хан Дук Су менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, анын ичинде жакында эле эки өлкөнүн Мамлекет башчыларынын Нью-Йоркто (Америка Кошмо Штаттары) өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну кароону талкуулашты.

“Түштүк Корея биздин өлкөнүн Азия-Тынч океан аймагындагы приоритеттүү өнөктөшү болуп саналат жана биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди жогору баалайбыз, ошондой эле биздин кызматташуубуз келечекте дагы бекемделишине ишенебиз”, - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык байланыштарды жана эки тарапты кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүнүн кийинки кадамдары белгиленди.