Чүй облусуна 292 миллион сом бөлүнгөнүн КР Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер катары 292,0  млн сомго каржыланды.

Алар:

1.      Теңдөөчү трансферт - 218,8 млн сом;

2.      Ыйгарым укуктарды берүүгө - 33,2 млн сом;

3.      Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына - 1,2 млн сом;

4.      Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга - 38,8 млн сом.

Мындар тышкары Капиталдык салымдар беренеси менен 104 объектке 327,9 млн сом каржыланды.