КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына 2023-жылга такталган бюджет 749,0 млн сом суммасында каралган. Анын ичинен бюджеттик каражаттар 743,6 млн сомду түзөт. 

Финансы министрлиги билдиргендей, анын ичинде:

- эпизоотияга каршы иш-чараларга - 86,9 млн сом;

- ветеринардык диагностикага - 205,6 млн сом;

- жаныбарларды идентификациялоого – 30,0 млн сом.

2023-жылдын 31-августуна карата каралган каражаттын эсебинен 599,1 млн сом каржыланды.

Жыл ичинде эмгек акы жана соцфонд беренелери боюнча кошумча 137,0 млн сом каралган.