Бүгүнкү күндө билим берүү тармагына 33,9 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, 2023-жылга республикалык бюджеттен КР Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү мекемелерине такталган жылдык планга ылайык 52 млрд каралган. 2022-жылга салыштырмалуу 5,8 млрд сомго көп.

Аталган сумма төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

- эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө 32,8 млрд сом;

- билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын "Тамак-аш" беренеси боюнча чыгашалар 454 млн сом;

- билим берүү уюмдарынын стипендияларына 70,9 млн сом;

- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептери үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл арибиндеги окуу китептерин сатып алууга 152,0 млн сом;

- мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына 4 млн сом;

- мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө 4,8 млн сом;

- «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн 1,8 млн сом;

- билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 114,1 млн сом суммасында;

- Мектептердеги интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө 14 млн сом бөлүнгөн.