2023-жылдын 15-августуна карата Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 891,3млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, каражат төмөнкү багыттарга каралган:

- теңдөөчү трансферттер - 159,6 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө - 15,9 млн сом;
- мамлекеттик каттоо кызматкерлерине - 2,5 млн сом;
- электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга - 21,9 млн сом;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга - 14,4 млн сом;
- айылдардын башкы планын иштеп чыгууга - 26,7 млн сом;
- Каракол шаарын өнүктүрүүгө - 650 млн сом.