2023-жылдын 6 айында энергетика тармагын каржылоого 11,3 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 11, 3 миллиард сомдун ичинен:
- энергосекторду капиталдаштырууга - 5,4 млрд сом;
- күз-кыш мезгилине даярдыкка - 5,3 млрд сом;
- Камбар - Ата ГЭСин курууга - 416,3 млн сом;
-"Бала - Саруу" чакан ГЭСин курууга - 225,0 млн сом бөлүнгөн.