Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын биринчи жарым жылына карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 37,8 млрд сомду түзүп, жалпы кирешелердин 19,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
2023-жылдын биринчи жарым жылына карата жалпы норматив менен жеткирилген салыктык эмес кирешелердин бекитилген планы 22,6 млрд сомду түзгөн. Ал эми 6 айда аткарылган планы 37,8 млрд сом болуп, пайыздык көрсөткүч такталган планга карата 121,5 пайызды түздү. ЖЕ БОЛБОСО БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА БЕКИТИЛГЕН ПЛАНДАГЫДАН 15,1 МЛРД СОМГО АШЫКЧА ЖЫЙНАЛГАН.
Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылга 6 айына карата салыштырмалуу кирешелер 12,5 млрд сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 149,7 пайызды түздү.
Кыргыз Республикасынын “2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына ылайык дивиденддердин план 3 200,0 млн. сом өлчөмүндө каралган. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дивиденддерден түшкөн иш жүзүндөгү киреше 11 170,8 млн. сомду түздү, б.а. жылдык планга карата 349,1 % аткарылган, ал эми 6 айдын планы 1600,0 млн.сом ѳлчѳмүндѳ бекитилген, такталган 6131,8 млн. сом планга ылайык аткарылуусу 182,2% ды түздү жана биринчи жарым жылдыгына карата пландан 5039,05 млн. сомго ашыкча жыйналган.