2023-жылдын 26-январында Бишкек шаарында өткөн "Кыргызстан – Өзбекстан" бизнес-форумунун алкагында Улуттук агенттиктин маселелери боюнча иштелип чыккан макулдашууларды аткаруу максатында, ошондой эле 2023-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин Өзбекстан Республикасына Министрлер Кабинетинин Төрагасы-КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.Жапаровдун сапарынын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Улуттук агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы "Жол картасынын" тизмесине киргизилген долбоорлорду сапаттуу иштеп чыгуу үчүн Улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары болду.

Сапардын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Л. Ш.Кудратов менен жолугушту. Тараптар экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн оң динамикасын жана 2023-жылдын аягына чейин ишке ашыруу зарыл болгон бардык келишимдерди аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Ошону менен бирге ИУАнын директору У.Темиралиев өндүрүш ишканаларына барды жана ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү, алар Кыргыз Республикасына 70 млн.ашык АКШ долларын инвестициялоого кызыкдар жана даяр экендигин билдиришти. Мындан тышкары бүгүнкү күндө Улуттук агенттик Өзбекстан Республикасы менен базальт буласын өндүрүү, кальций карбидин өндүрүү, текстиль-тигүү өндүрүшү боюнча ишкананын курулушуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кварцты байытуу боюнча заводдун курулушуна байланыштуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатат.