Орусияда Халал тармагы боюнча профессионалдуу стандарт түзүлөт, ал башка өлкөлөргө таркашы мүмкүн. Кененирээк маалымат Казань шаарында 18-19 майда өткөн «Орусия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2023» ХIV Эл аралык экономикалык форумунда айтылды.

Халал индустриясы өнүгүп жатат, (жылдык өсүшү — 9-12%) өзүнө көптөгөн тармактарды камтыйт: азык-түлүк, каржы, туризм, медицина. Жакынкы эки жылда Халал продукттун дүйнөлүк рыногу 2 трлн. $ жетиши мүмкүн. Орусия ири поставщиктерден болоруу күтүлүп жатылат.

«Акыркы жылдарда орусиялык халал продукциянын сатылышы эки эсе өстү, 2030-жылга чейин 3,5 эсе өсөрүн пландаштырып жатабыз», — деди «Российская система качества» (Роскачество) Автономиялык коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси Максим Протасов.

Масштабдуу чыгарылыш менен камсыздоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу халал товар жана кызматы менен камсыздоо үчүн Орусияда бекитилген бирдиктүү стандарттар менен адистерди даярдоо пландаштырылып жатат. Ал үчүн өлкөдө федералдык мамлекеттик маалыматтык стандарт жана Халал тармагы боюнча профессионалдык стандарттар пайда болот. Расмий түрдө «Халал стандарты боюнча эксперт» кесиби бекитилген.

ОФнын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн, Роскачествонун алдындагы жаӊы структура – Халал компетенция борбору рынок катышуучуларын маалымат берип жатат. «Борбордун ишмердик тармагы билим треги, керектөөчүлөрдү маалымдоо, стандартизацияны жеӊилдетүү, сертификация боюнча акредиттелген органдардын тармагын өнүктүрүү, рыноктогу сапаттарды контролдоо. Баардык тармактар активдүү иштетилип жатат», - деди Максим Протасов.

Эл аралык ислам университеттерини, индустрия экспертеринин катышуусу менен маалымат берүүчү программалар иштетилип жатат.

«Биз кимди окуутарыбызды түшүнүп жатабыз. Ишканана жетекчилерине, технологдорго, сою цехтеринин адистерине, аккредитация жана сертификация адистерине, халал товарларынын экспортуна багытталган маалымат проуктуларынын тармагын Россия ислам институту менен бирге түзүүнү пландаштырып жатабыз», — деди Протасов.

«Жаӊы адистерди даярдоого эки жыл жетиштүү. Эӊалгылыктуу формасы – квалификацияны жогорулатуу, кайра даярдануу», — деди Россия ислам институтунун ректору Рафик Мухаметшин. 2023-жылдан баштап Роскачество менен болгон долбоордун алкагында жаӊы адистер окутулуп жатат: сертификация боюнча техникалык эксперттер, ислам суроолору боюнча техникалык эксперттер.

«кыска мөөнөттөгү маселелер бар, целевой аудитория үчүн чыгаруу жана реализация боюнча кошумча профессионалдык программаларды сунуштоо. Узун мөөнөттөгү план тажрыйба менен алмашуу, эл аралык университеттер, билим берүү уюмдары менен байланышуу процесси, профессионалдык стандарттарды түзүү. Орусиядан тышкары бул стандарттар башка мамлекеттерге да таралышы керек», — деди Максим Протасов.

Бириккен Араб Эмираттарындагы Мохаммед бен Зайд атындагы гуманитардык университет Халал областы боюнча чет элдик, эксперттик шериктештердин бири. KazanForum 2023тө биргелешкен билим долбоорлору боюнча келишимдерге кол коюлду.

«Бизде келишим бар, анын негизинде тажрыйба менен аалмашып жатабыз. Халал адистерин даярдоо боюнча биргелешкен ишке таянып жататбыз. Квалификация жогорулатуу курстарын жана башка иш чараларын  өткөрүүнү макулдаштык. Жакынкы убакытта кызматташуунун катышуучусу болоорубузду ишенебиз», — деди Россия ислам институнун окуу иштери боюнча проректору Рустам Нургалеев.

«Келечектеги муундардын түзүлүшүндө, коомдун активдүү интеграциясында билим мекемелери маанилүү ролдорду ойнойт. Бул дурус жана активдүү интеграция окуу жайлардын өнүгүүсүнөн көз каранды», — деди Мохаммеа бен Зайд атындагы Гуманитардык университеттин ректору Халифа Мубарак Аз-Захири.

Маалымат: "Орусия - Ислам дүйнөсү Эл аралык экономикалык форуму: KazanForum" Орусия менен ислам дүйнө мамлекеттеринин кызматташуусуна негизги аянтча болуп эсептеленет. Форумдун максаты - Орусия Федерациясынын аймактары менен 57 мамлекет кирген «Ислам Кызматташтык Уюмунун» соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоо.

ХIV"Орусия - Ислам дүйнөсү Эл аралык экономикалык форуму: KazanForum" 2023-жылдын 18-21 майда өтөт (18-19-майда иш чара программасы, 20-21-майда -маданий). Өткөрүү жери: Орусия Федерациясы, Татарстан Республикасы, Казань шаары, «Казань Экспо» Эл аралык жарманке борбору.

KazanForum-2023 программасында эки жүзгө жакын иш-чара, анын ичинде 140тан ашык сессиялар. Эксперттик талкуулардын темалары: Ислам каржылоосу жана халал индустриясы, эл аралык кызматташтык, логистика, өнөр жай, туруктуу өнүгүү жана ESG, IT-технологиялар, инновациялар жана инвестициялар, жаштар ишкердиги, кичи жана орто бизнес, аялзаттын көз карашы, билим берүү, медицина, спорт ж.б.