Орусия Ислам өлкөлөрүнүн инвесторлору үчүн жагымдуу болуп жатат.  Орусия федерациясында кандай долбоорлор ыӊгайлуу жана эмне үчүн? Ал тууралуу 18-майда Казань шаарында өтүп жаткан «Орусия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2023» ХIV Эл аралык экономикалык форумда адистер айтып беришти.

Румыния жана Словакиядан алдыга кеткен, биринчи түру электроунаасына жана белгилүү автоконцернлер үчүн негизги тетиктерин чыгарган «Джошкуноз» холдинги үчүн Орусия чоӊ инвестдолборр болуп саналды. Ал тууралуу Татарстан Республикасында алты жыл бою иштеп жаткан холдингдин орус «Джошкуноз Алабуга» ишканасынын директору Элджевит Октем баяндады.

«Мурда Орусияда BMW, Volkswagen менен иштегенбиз, бирок орусиялык Камаз биз үчүн мыкты шериктеш болду, азыркы убакта «Аурус» менен иштеп жатабыз. Орус тажрыйбасында эӊ кызыктуу КАМАЗ 100 пайыздык локализацияланууга багытталган. Автопром үчүн пресс-формаларды, шасси, алюминийден жасалган тетиктерди чыгарып жатабыз. Азыркы кезде Москвада электроунаа чыгаруучу долбоор кызыктырып жатат, шериктештик мамилелер келечектин автоунаасын чыгарууга мүмкүндүк берет. Андан кийин Орусияда, Татарстан Республикасында продукция жана номенклатуранын көлөмүн көбөйтүүгө пландаштырып жатабыз.Түрк инвесторлору үчүн бул жерде насыя берүүдө, тилде артыкчылык көрүп турам, татар тили түрк тилине окшош, кызматчылар жана биздин адистер бири-бирин оӊой түшүнө алышат. Ошондуктан биздин инвестициялар уланат».

Орус долбоорлоруна инвестициялоонун артыкчылыктары катары Элджевит Октем «орус рыногунун өсүшүн», «өзгөчө экономикалык зоналардагы ыӊгайлуу шарттарды», «масштабдуу инвестицияларды» өткөргөн шериктеш мамлекеттерди баса белгиледи.

Орусиядагы бизнес жана стартаптарды колдоочу инвестициялык долбоор (өзгөчө Чечен Республикасындагы) ишкердик өнүктүрүү Халиф фонду (Khalifa Fund for Enterprise Development) тарабынан 20 эл аралык долбоорлордун ичинен эӊ мыктысы деп жарыяланды. Ал тууралуу «Зайед Шейхинин атындагы ишкердик жана инновация колдоо фондунун» ЖЧК каржы директору Ахмед Арсаев билдирди.

2017-жылы Чечен Республикасынын Башчысы Рамзан Кадыров менен БАЭ президенти Халиф бин Зайед Аль Нахайяндын келишими менен фонд түзүлгөн.  Абу-Дабинин мураскор канзаадасы Шейх Мухаммед бин Зайед Аль Нахайян буйругу менен ишкердимк өнүктүрүү Халиф фонду Чечен Республикасында Фонддун негиздөөчүсү болуп жарыяланды.

Негизги максат – кичине жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү менен Россия аймагында туруктуу социал-экономикалык таасир этүү үчүн ишкердүүлүккө колдоо көрсөтүү.

«Алты жыл ичинде фонд тарабынан 2800 билдирме каралды, 4 миӊ ишкер тренинг өттү, 400дөн ашык долбоор 2,3 млрд рублга каржыланды, 6500 иш орун түзүлдү. Фонд туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп жатат, биздин долбоорду башкы компания 20 эл аралык долбоорлордун ичинен эӊ мыктысы экенин жарыялады», — деди Ахмед Арсаев.

Анын айтымы боюнча Орусияда исламдык инвестицияларынын негизги тармактары: дүӊ соода жана дистрибуция, айыл-чарба, транспорт менен логистика, азык-түлүктөр, курулуш, жана ошондой эле халал туризми, Кавказда меймандарга сунушталууда.

 Маалымат: "Орусия - Ислам дүйнөсү Эл аралык экономикалык форуму: KazanForum" Орусия менен ислам дүйнө мамлекеттеринин кызматташуусуна негизги аянтча болуп эсептеленет. Форумдун максаты - Орусия Федерациясынын аймактары менен 57 мамлекет кирген «Ислам Кызматташтык Уюмунун» соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоо.

ХIV"Орусия - Ислам дүйнөсү Эл аралык экономикалык форуму: KazanForum" 2023-жылдын 18-21 майда өтөт (18-19-майда иш чара программасы, 20-21-майда -маданий). Өткөрүү жери: Орусия Федерациясы, Татарстан Республикасы, Казань шаары, «Казань Экспо» Эл аралык жарманке борбору.

KazanForum-2023 программасында эки жүзгө жакын иш-чара, анын ичинде 140тан ашык сессиялар. Эксперттик талкуулардын темалары: Ислам каржылоосу жана халал индустриясы, эл аралык кызматташтык, логистика, өнөр жай, туруктуу өнүгүү жана ESG, IT-технологиялар, инновациялар жана инвестициялар, жаштар ишкердиги, кичи жана орто бизнес, аялзаттын көз карашы, билим берүү, медицина, спорт ж.б.