800гө чейин жүк кемелерин Транскаспий эл аралык транспорт коридор маршрутуна тартууга пландаштырылууда. Ал тууралуу 18-майда Казань шаарында өтүп жаткан «Орусия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2023» ХIV Эл аралык экономикалык форумдун катышуучулары айтты. Бул тууралуу аталган форумдун тышкы басма сөз кызматынан Айчүрөк Абдылдаева билдирди. 

170 км аралыктагы темир жолду иран Решт менен азербайжан Астара шаарлары аркылуу, «Түндүк-Түштүк» коридордун ченеминде куруу тууралуу Орусия менен Иран 17-майда келишимге кол коюшту. Долбоор Европага, Орусия жана Перс булуӊ өлкөлөрү арасында ылдам жана жиксиз жүк ташууну камсыздайт. Суэц каналы аркылуу Санкт-Перербургдан Мумбайга жүк ташуу 30-45 күндүн ордуна 10 күн алат. Темир жол аркылуу жүк ташуунун көлөмү 15 млн. тоннага жетет. 

KazanForum -2023 алкагында бир нече эл аралык жолугушуулар өткөрүлөт, бул тууралуу Орусия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басары Марат Хуснуллин билдирди, ал эми 19-майда «Түндүк-Түштүк» долбору боюнча Ирак Республикасы менен келишим түзүлөт. Жыйынтыгы болуп Казакстан, Азербайжан, Түркменистан, Тажикстан, Өзбекстан, Ирак, Индия, Иран мамлекеттери менен бирге план түзүү болуп саналат.

Хуснуллин сөзүнө караганда «Түндүк-Түштүк» коридору үч багытта өнүгүп жатат: батыш – Дагестан, Азербайжан аркылуу, транскаспий – суу транспорту аркылуу, чыгыш – Казакстан, Түркменистан аркылуу. Бир гана Орусия тарабынан 2030-жылга чейин инфраструктурага бөлүнгөн инвестиция 280 млрд рубль түздү. Инвестициянын келиши маршруттардын өнүгүшүндө байкалып турат. «Акыркы үч жылда жол куруу планын аткарып, максималдуу жыйынтыктарга жетип жатабыз», - деди Хуснуллин.

Долбоордун маанилүү бөлүгү: шаарлар аркылуу тез ылдамдыктагы автоунаа маршруттарын жүргүзүү. Орусия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басарынын сөзүнө караганда жакынкы жылдарда 56 шаардык жол аралыгын кыскартып, 1-категориядагы заманбап трасса Санкт-Петербургдан Вдадивостокко жүргүзүлөт, Казакстанга, Монголияга, Кытайга жол чыгарылат. «Батыш-Чыгыш» коридору «Түндүк-Түштүккө» интеграция болот.

«Жиксиз» транскаспий маршрутун өнүктүрүү алкагында Волгада суу кемелерин жүргүзүү иштери жүрүп жатат. Келечекте 4,5 метр аралыкта Астрахань портунан кемелер жүрөт», - деди Хуснуллин. 

Орусия Федерациясынын Вице-премьеринин айтымында, жалпысынан 2025-жылга Орусия менен Каспий, Түштүк, Түштүк-Чыгыш Азия, Перс булуӊ мамлекеттери арасында жүк ташуу эки эсе өсөт – 30 млн тоннага, 2030-жылга – 45 млн тоннага чейин жетет, 2021-жылга караганда 150 пайызга көп. 

Инвестицияга жана «Түндүк-Түштүк» коридорун өнүктүрүүгө Бириккен Араб Эмираттары кызыкчыл экендигин БАЭ тышкы соода министри Тани бин Ахмед Аль-Зеюди KazanForum 2023тө баяндады. 

Министрдин айтканына караганда, «Түндүк-Түштүк» ЭТК- инновация колдонулуучу, Африкага чейин маршруттарды өнүктүрүүдө багыттардын бири болуп саналат. «Биринчиден, биз сунуштаган жиксиз чечимдерден сөз болуп жатат. Ошондой эле электрондук чечимдерди киргизип, мамиле курсак болот», - деди Тани бин Ахмед Аль-Зеюди. 

БАЭ тарабынан кызыкчылык цифралар менен айкалышып келе жатат. «2030-жылга чейин бул бизнес тармагына 100гө чейин өлкөлөр кошулат деп ойлойбуз, ал эми каражаттын жалпы көлөмү 2 трлн долларга чейин жетет. Долбоор биздин жана башка мамлекеттердин рыногун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. «Түндүк-Түштүк» коридору бизди бир гана Орусия менен гана эмес, Борбордук Европа жана Азия өлкөлөрү менен байланыштырат. Континентте болгон маршруттарды бириктире турган потенциалды көрүп турабыз. Биздин элдерибиздин бейкуту үчүн БАЭ компаниялары долбоорго кошулганга даяр», - деп баса белгиледи Тани бин Ахмед Аль-Зеюди.

Каспий транспорт жана порт инфраструктурасы – инвестиция үчүн актуалдуу жана перспективдүү багыттардын бири, ой-пикири менен Иран Республикасынын айыл-чарба министринин биринчи орун басары Алиреза Пейман-Пак бөлүштү. 

Решт – Астара темир олу курулганга чейин транскаспий маршруту өтө манилүү жана аны активдүү колдонуу пландаштырылууда. Орусия менен Азия, Перс булуӊу, Индия өлкөлөрүнүн арасындагы жүк ташуу көбөйгөндө 800гө жакын жүк ташуучу кемелер керектелет. «Каспий аралынын потенциалынын максималдуу өнүгүүсүнө жүк салуу, жүк түшүрүү жабдуулары менен болгон порт инфраструктурасын түзүү зарыл. Порттук акваторийдин түбүн тереӊдетүү жана эсептеп чыгуу өтө зарыл. Бул бизнесте Каспий аралынын айланасында кызматташуу баардык өлкөлөргө пайдалуу», - дейт Алиреза Пейман-Пак. 

Для инвестиций в развитие логистического проекта «Север – Юг» на KazanForum 2023 были предложены и дополнительные финансовые инструменты. Евразия элдеринин ассамблеясынын башчысы Андрей Бельянинов Орус-Иран банкынын тарыхын эскерүүнү сунуштады: «Эгер биз ушундай – улуттук валюталар менен эсептеген банк түзсөк көптөгөн кыйынчылыктардан кутулсак болот жана көптөгөн рисктерди төмөндөтөбүз. Банкта Евразиялык түз инвестициялар фондун, ошондой эле Евразиялык лизинг компаниясын түзсөк жакшы болот, себеби 800 кеме Каспий верфтери үчүн чоӊ көлөм». 

Ошондой эле Андрей Бельянинов маршрутту өнүктүрүү үчүн «Түндүк-Түштүк» ЭТК долбооруна кирген мамлекеттер менен Евразиялык деӊиз порт ассоциациясын түзүүнү сунуштады. Максат – коридор боюнча жүк ташуу катышуучуларын бирдиктүү диспетчердик жана техникалык колдоо менен камсыз кылуу. 

Маалымат: "Орусия - Ислам дүйнөсү Эл аралык экономикалык форуму: KazanForum" Орусия менен ислам дүйнө мамлекеттеринин кызматташуусуна негизги аянтча болуп эсептеленет. Форумдун максаты - Орусия Федерациясынын аймактары менен 57 мамлекет кирген «Ислам Кызматташтык Уюмунун» соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоо.

ХIV"Орусия - Ислам дүйнөсү Эл аралык экономикалык форуму: KazanForum" 2023-жылдын 18-21 майда өтөт (18-19-майда иш чара программасы, 20-21-майда -маданий). Өткөрүү жери: Орусия Федерациясы, Татарстан Республикасы, Казань шаары, «Казань Экспо» Эл аралык жарманке борбору. 

KazanForum-2023 программасында эки жүзгө жакын иш-чара, анын ичинде 140тан ашык сессиялар. Эксперттик талкуулардын темалары: Ислам каржылоосу жана халал индустриясы, эл аралык кызматташтык, логистика, өнөр жай, туруктуу өнүгүү жана ESG, IT-технологиялар, инновациялар жана инвестициялар, жаштар ишкердиги, кичи жана орто бизнес, аялзаттын көз карашы, билим берүү, медицина, спорт ж.б.