Кечээ, 18-майда президент Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда өлкө башчы кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык потенциалы чоң экенин, керектүү шарттар түзүлгөнүн жана инвесторлор мамлекет тарабынан корголуп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айтып берди.

“Биз өлкөлөр ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар болгон алдыңкы бизнес өкүлдөрү менен түз диалог жүргүзүүгө ар дайым кубанычтабыз. Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы сапаттык жана мазмундуу деңгээлине көтөрүлгөнүн кубануу менен билдирем. Биз «Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзүү боюнча биргелешкен декларациясына» кол койдук. Сапардын жемиштүүлүгү менен натыйжалуулугун кол коюлган документтердин тизмеси тастыктайт. Жогоруда айтылган Биргелешкен декларация менен бирге ар кандай деңгээлдеги жыйырмага жакын макулдашууларга, меморандумдарга жана протоколдорго кол коюлду. Бул документтер эки тараптуу мамилелердин дээрлик бардык тармактарын, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкка тийиштүү”, - деп айтты президент.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров азыркы учурда эки өлкө ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Эки өлкө ортосунда Инвестицияларга өз ара дем берүү жана коргоо боюнча эки тараптуу макулдашуу бар. Бул макулдашууда кытай компанияларынын Кыргызстанга инвестиция салуусуна жагымдуу шарттар каралган. Учурдагы Кош салык салуудан четтөө тууралуу аракеттеги макулдашууда бир гана жолку салык салынары каралган жана ал кытайлык компанияларга Кыргызстанга инвестиция салууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жогоруда айтылгандардын негизинде кыргыз тарап кытайлык компаниялардын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө катышуусун кубаттайт жана чакырат”, - деп билдирген Президент, Кыргызстанда энергетика тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин, өлкө гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы жалпы эле чет элдик, анын ичинде кытайлык өнөктөштөрдү ГЭСтерди куруу боюнча бир катар ири долбоорлордц ишке ашырууга катышууга чакырды. Кызыкчылык жарала турган болсо, кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча сунуштарды, механизмдерди кароого даяр.