Кыргызстанда ушул жылдын январь-апрелинде ИДПнын (ички дүң продукция) көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 264,5 миллиард сомду түздү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.
Ал бул көрсөткүч 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга көп экенин белгиледи.
Айтымында, ИДПнын өсүшүнө товарларды өндүрүү секторунда – 27,7%, тейлөө тармагында – дээрлик 52%, өнөр жай – 18%, айыл чарба продукциялары – 6%, курулуш – 4%га өсүү көлөмүнүн өсүшү таасир эткен.