Ушул жылдын январь-февраль айларына карата Кыргызстанда бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 30 миң 93 сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиевдин айтымына караганда, бул көрсөткүч өтткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге жогору.

"Өсүш искусства, мамбашкаруу жана коргоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызмат, маалымат жана байланыш, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган", - деп белгиледи Жумалиев.