Кыргызстанда январь айында ички карыздын көлөмү 95 миллиард 660,5 миллионду түзгөнү белгилүү болгон. Мындай сумма Ички дүң продукциянын (ИДП) 10,32 пайызына барабар. Ошондо, жалпы мамлекеттик карыздын 19,7 пайызын ички карыз түзөт.
"2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, насыянын ИДПга карата максаттуу катышы 70 пайыздан ашпашы керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нече пайызга төмөн, карыз (ички, тышкы) ИДПнын 52,33 пайызын түзөт. Бул мамлекеттик карыздын деңгээли туруктуу дегенди билдирет. Ички карыздын басымдуулугу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалып жатканын баса белгилейбиз", — деп түшүндүрмө берген Финансы министрлиги ички карыз боюнча.
Маалыматка таянсак, аталган министрлик мамлекеттик программаларды жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында ички булактардын жаңы инструменттерин колдонот, муну менен катар келечекте мамлекеттик карыздын структурасында ички карыз көбөйөт.
Мында, белгилей кетчү нерсе, тышкы карызга караганда ички карыздын артыкчылыгы көп. Алар:
- ички карыздарды алууда акчанын куну канчалык өзгөрүлбөсүн тобокелдик жаралбайт;
- ички карыздар боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө ички кредиторлор пайда табышат;
- инфляцияны жана девальвацияны эске алуу менен ички карызды тейлөөнүн наркы тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардан бир топ төмөн.
Финансы министрлиги белгилегендей, мамлекеттик карызды тейлөөгө каражат толук көлөмдө каралып, өз убагында төлөнүп жатат.
Тышкы карыз башка өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан чет элдик валютада алынган насыя болсо, ички карыз сом менен мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) чыгаруунун эсебинен жаралат. Баалуу кагаздар бюджетти толтурат. Алардын айырмачылыгы жана кооптуулугу эмнеде?
Мамлекеттик карыз боюнча эксперт Бактыбек Сатыбеков мамлекеттик баалуу кагаздар белгилүү бир сумма зарыл болгондо, аны мамлекетке тез арада таап берүүчү жакшы курал экенин айтат.
"Бирок бул бюджеттин таңсыктыгын жабуу үчүн эмес, киреше менен чыгашаны теңдөө үчүн керек. Мисалы, тезинен кайсы бир сумманы карызга алуу зарылчылдыгы жаралса, ал карызды кайра ошол эле жылы жабышат. Бул кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарга тиешелүү", — дейт эксперт.
Ошондой эле, МБКларды чыгаруунун чет элдик насыяларды алгандагыдай валюталык тобокелдиги жок, ушул артыкчылыгы менен ал мамлекет үчүн пайдалуу.
“1998-жылы Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болгон. Кризистен кесепетинен сом арзандаган. Мындай көрүнүш тышкы карызды төлөөдө көйгөй жараткан. Тышкы карыз чет элдик валютада алынгандыктан, сомдун куну түшкөн сайын төлөөгө көп акча керектелет. Ошондуктан тышкы карызды кыскартып, ички карызды көбөйтүү туура", — деди Бактыбек Сатыбеков.
Эксперттердин айтымында, дүйнөдө ушул практика колдонулат: ички карыздардын эсебинен каражат тартуу механизми иштейт. Андан эч кайда качып кете албайбыз.