- Марлен мырза, президент Садыр Жапаровдун "Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, кол чаап тосуп алам" деген сөзүн тескери кабыл алгандар болууда. Деги эле инвестордун кимдигине карабай кабыл алуу туурабы?

- Президент туура маселени айтты. Азыр чекесин чертип тандай турган учур да эмес жана тизилип турган инвесторлор деле жок. А мамлекетке инвестиция тартылышы керек. Өзүбүздүн ишкерлерди болгонун сыгып, кыйнай бербей, башка жаңы ишкана компанияларды түптөө зарыл. Айтор бардык тармактагы бизнести өнүктүрүү кажет.