Улуттук банк тараткан маалыматка караганда, Тажикстандын кол салуусунан жабыр тарткан Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын кредиттери жоюлду.
Анда айтылгандай, 2023-жылдын 31-январына карата финансы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган. Жыйынтыгында, 31,6 млн сом суммасында 367 кредит жоюлган, 65, 3 млн сом суммасында 225 кредиттин шарттары өзгөртүлгөн.
Ошондой эле, 2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн.
2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-январы аралыгында ФКУ тарабынан 18 955 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген. «Кепилдик фонду» ААК 158 кредит боюнча 80, 3 млн сом суммасына 155 кепилдик берген. Айрым ФКУлар кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында, ички ченемдик документтерине айрым документтерди талап кылууну жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизген. Айрым ФКУлар кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүп, жеңилдетилген пайыз менен «Баткен областындагы карыз алуучулар үчүн кредит берүү» акциясын жүргүзүп жатышат.
Андан сырткары, айрым ФКУлар онлайн кредиттөө боюнча иштерди активдүү жүргүзүп, токтом талаптарына ылайык башка чараларды да көрүп жатышат.
Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.