Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин жыйыны өтүп жатат. Анда тийиштүү тармактар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат беришүүдө. 

Президент жылдын биринчи жарымында өлкөнүн ИДПсы 6,3 пайызды түзгөнүн билдирди. Бул үчүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана министрлерди алкады. 

Ал белгилегендей, жылдын башынан бери Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер Кабинети чечкиндүү кадамдарды жасап, туура багытта баратат. 

"Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, жарым жылда өлкөнүн ИДПсы 6,3 пайызга жетти. Номиналдык көлөмү 335 миллиард сомду түздү. Бул пандемияга чейинки убакка салыштырганда 89,7 миллиардга көп. Дүйнөдө орун алган ар кандай кырдаалдарга жана пандемияга карабай ушундай көрсөткүчкө жеттик", - деди Садыр Жапаров.