2022-жылдын январь-май айларында орточо айлык эмгек акы 22 927 сомду түзүп, мында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен анын реалдуу өлчөмү 6,2  пайызга өстү. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев Министрлер Кабинетинин жыйналышында билдирди. 

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү экономикалык-социалдык маселелер боюнча жасалып жаткан иштерди угуу үчүн Министрлер Кабинетинин жыйналышын өткөрүүдө. 

Анда айтылган маалыматка караганда, кыйла олуттуу өсүш саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндө – 52,6 пайызга, искусство, оюн-зоок жана эс алуу – 48,0 пайызга, билим берүү – 28,3 пайызга, пайдалуу кен казуу – 24,3 пайызга, кесиптик, илимий жана техникалык иш – 21,3 пайызга, транспорт тармагы жана жүк сактоо – 19,5 пайызга, курулуш – 18,2 пайызга, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү – 17,2 пайызга, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 16,6 пайызга, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк – 15,7 пайызга, ошондой эле кыймылсыз мүлк менен операциялар – 14,8 пайызга өскөндүгү байкалган.