Жылдын алгачкы жарымынын жыйынтыктары чыгарылды. Мындан аркысы кандай болот, ал албетте, ички гана эмес, тышкы факторлорго да байланыштуу боло турганы түшүнүктүү. Украинадагы кагылышуулар, Россияга каршы киргизилген тоталдык санкциялар жана андагы айрым тармактардын сенектикке учурай башташы - биздин экономикабызга да терс таасирин тийгизбей койбойт. Бирок, кыйынчылыктар февралдан бери башталса, Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинетинин жигердүү иш аракеттеринин натыйжасында биринчи жарым жылдык негизинен ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Алык-салыктардан жана бажылык төлөмдөрдөн бюджетке 100 миллиард сом жыйналды. Бул өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда 32 миллиард сомго көп. Же жыйымдардын өсүшү 33 пайызды түздү. Бул Кыргызстан үчүн аябагандай чоң ийгилик. Ал эми экономикалык өсүш беш айдын жыйынтыгы менен 5,7 пайызга жетти. Мында, албетте, өлкөнүн ички дүң жыйымынын көлөмү 6 пайызга араң жакындаса, салык менен бажы төлөмдөрүнүн көлөмү эмненин эсебинен андан 5 эседен ашыкка көп болду?-деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.
Бул Мамлекеттик салык жана Бажы кызматтарынын иштерине көзөмөлдү күчөтүп, аларды башкарууну жакшыртуу аркылуу гана жетишилгенин, бул багыттарда дагы деле резервдер көп экенин ачык айталы. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери салык жана бажы кызматтарын биротоло коррупция чырмап, милдеттүү төлөмдөрдун бир бөлүгү гана казынага түшсө, калгандары жашыруун жолдор менен ар кимдердин чөнтөктөрүнө кетип жүргөн. Ага чейинкилердин көпчүлүгү коррупцияга каршы күрөштү жараналап, алдары жетишинче иш аткарган менен бир бөлүгү көп өтпөй тармактагы жемкорлоргө кошулуп кетишсе, бир бөлүгү ар кандай себептер менен баштагандарын таштап, ал жактардан кетүүгө аргасыз болуп жүрүшкөн. Министрлер Кабинетинин азыркы жетекчиси ал тармактардагы “сырларды” жакшы билет, алардагы коррупциялык механизмдердин бир бөлүгүнө бөгөт коюу аркылуу 33 пайыздык өсүштү камсыз кылды. Бирок, жогоруда айткандай, бул тармактарда резервдер дагы деле көп. Мисалдарды келтирели. Тигүү өнөр жайы аркылуу Кыргызстан КМШга таанылууда. Бирок, биздеги тигүү цехтеринин 70-80 пайызы көмүскөдө. Мүмкүн, алардын ээлери жеке ишкер катары ай сайын мамлекетке патент акысын же 500-600 сом төлөшөр, бирок таза кирешелеринен эч нерсе төлөшпөйт. Менчик ишканалардын басымдуу көпчүлүгү кош бухгалтериялык ыкма менен иштеп, салыктарынын, милдеттүү чегерүүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүн жашырышат. Бизде жылдан жылга эс алуучу жана курорттук реакрациялык туристтер көбөйүүдө, ал тууралуу ооз толтурган сандар, пайыздар айтылууда, бирок туризм тармагынан түшкон салыктар, чегерүүлөр эмнеге ооз толтурарлык болбой жатат?
Жообу бирөө эле. Туризм тармагында иштегендер өздөрүнүн кирешелерин акыбалдары жетишинче жашырышууда. Кафе-ресторандык, мейманканалык ж.б. тейлөөлөрдө да жашыруулар көп. Нотариалдык мекемелерде жалаң юристтер иштешет, бирок алар да кирешелерин жашырышарын көрүп эле жүрөбүз. Кызмат көрсөткөндө адегенде бир сумманы айтышып, анан төмөндөтүшүп, ал акчаны алгандан кийин андан аз суммага кол койдуруп алышат. Борбор калаадагы мектептер түгүл, балдар бакчалары да коррупциянын уюгуна айланган. Бишкектеги айрым мектептердин директорлорунун кабылдама, кабинеттеринин жасалгалары министрлердикинен да жакшы. Алардын арасында жан сакчы жалдап жүрүшкөндөрү да бар. Алар өздөрү башкарган мектептерди жеке менчиктериндей эсептешет. Дагы бир мисал. Жарым жылда айыл чарбасы 2 пайыздан ашык өсүш бергени маалымдалды. Бирок, ал тармактан түшкөн салыктар, төлөмдөр да 2 пайызга көбөйдүбү? Айыл чарбасы ички дүң жыйымдын жарымын берген менен андан өндүрүлгөн салыктар, төлөмдөр анын ондон бирине да жетпей турганын кантип түшүндүрсө болот?
Кудайга шүгүр, азыр айыл жергесинде жашагандардын сезилерлик бөлүгү тыңыды. Миңдеген койлору, жүздөгөн жылкылары, топоздору, ондогон бодолору барлар бар. Бирок, алардын бир жылда төлөгөн салыктары, чегерүүлөрү бир тайдын же торпоктун акчасына да жетпейт. Бирок, алар жаштары жеткенде социалдык фондуга он-он беш коон дарбыздын, бир сотуктагы картошканын, бир түп өрүктүн түшүмүнүн акчасын төлөбөгөн дыйкандардай эле пенсияларын көбөйтүүнү талап кылышат, ага мамлекет милдеттүү деп эсептешет.
Мамлекеттин эң негизги милдети - милдеттүү алык-салыктарды, төлөмдөрдү толук өндүрүү. Демократиялуу өнүккөн өлкөлөрдө салыгын жашыргандарга, андан качкандарга ким экендиктерине карабастан аёо болбойт. Салыктар толук өндүрүлбөсө, мамлекет социалдык тармакты өнүктүрмөк, айлык, пенсияларды көбөйтмөк түгүл, коопсуздукту, тартипти камсыз кылууга да каражат таппай калышы мүмкүн. Ошондуктан өз ишин жакшы баштап жаткан Акылбек Жапаровдун Кабинети мына ушуларды чечкенге же салыктык базаны реалдуу абалына жараша кеңейткенге негизги басым жасашы керек.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити