Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү жаман эмес. Акырындап өсүш болуп жатат. 20220-жылдын 5 айында өлкөнүн ИДПсынын реалдуу өсүшү Кумтөрдү эске албаганда  105,7 %ды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Статкомдун алдын ала эсептөөсү боюнча, 2022-жылдын январь-май айларындагы ИДПнын көлөмү 270,2 млрд. сомго барабар болгон. Өткөн жылдын 5 айындагы көрсөткүч 98,3 %ды түзгөн.

Тармактар боюнча алганда, айыл-чарбасында өндүрүштүн көлөмү 2,2 %га, курулуш 3,1 %га, кызмат көрсөтүү 4,0 %га, өнөр-жай 11,4 %га өскөн.

Бул көрсөткүчтөр жаман эмес. Эми Министрлер кабинетинин милдети ушул өсүш темпин кармап, жылдан жылга өсүштүн көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылышы керек.