Өлкөбүз эгемендикке келгенден бери эл аралык каржы институттардан миллиондогон грант, насыялар келди. Бирок алардын көпчүлүгү максатсыз жумшалып, чиновник, аткаминерлердин капчыктарына түшүп кеткени, сырттан келген гранттардын эсебинен көптөр байып алышкандары жашыруун эмес. Андай грант түрүндөгү каражаттар азыр деле келатат. Келген гранттар адрестүү жумшалып атабы, же мурдагыдай эле уурдалып, желип кетип атабы, аны так айтыш кыйын.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергосекторуна 50 млн. доллар бермей болду. Каражат өлкөбүздүн энергетика тармагынын каржылык абалын көтөрүүгө, операциялык натыйжалуулугун арттырууга жумшалары маалым болду. 50 млн. доллардын жарымы грант болсо, жарымы 0,75 пайыз менен 38 жылга берилчү насыя. Аны төлөөдө 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөт каралган.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын электроэнергетикалык сектору оор абалга тушукканын, өлкөдө электр энергиянын таңсыктыгы байкалып жатканын, сектордогу жоготуу 20 %ды түзөрүн белгилеп, каражат ушул маселелерди чечүү үчүн берилип жатканын билдирди.

Узак мөөнөткө насыянын, гранттын берилери жакшы. Бирок алынган каражат максаттуу жумшалып, эңшерилген энергетиканы оңдоого жумшалабы? Же ансыз да жалпы кыргыздын мойнуна илинген тышкы карыздардын суммасын гана көбөйтүүгө көмөкчү болобу?