"Алтын паспорт" боюнча мыйзам долбоору даярдалганын жана ал инвесторго жеңилдетилген негизде Кыргызстандын жарандыгын бере турганын инвестиция боюнча Улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров билдирди. 

Айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө ушинтип инвесторлорго оңой жарандык берүү практикасы колдонулуп келатат. Мисалы, Швейцарияда, Түркияда. Ал эми Кыргызстан дагы ошол жолду басууга камданып, мыйзам долбоору даярдалды, жакында коомдук талкууга чыгарылат. 

"Эгер инвестор биздин экономикага 300 миң доллар каражат инвестиция салса, жарандык берүү керек деп ойлойм. Бул кыймылсыз мүлктү сатып алуу же ишкана ачуу болуп эсептелинет. Ушундай кылган учурда инвесторго жеңилдетилген түрдө жарандык берсек болот", - деди Сабиров.