Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу $200 млн кем эмес киреше берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы темир жолдун курулушу тууралуу пландар жөнүндө айтып жатып, азыр техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жаткандыгын билдирди.

"Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол дагы үч-төрт жылда бүтүп калат. Бул дагы ушул «Камбар-Ата-1», «Кумтөр» экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн АКШ долларынан кем эмес киреше берет", - деди президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, жолдорго асфальт төшөө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, суу сактагыч баскан жерлерге компенсация төлөп берүү, бала бакча, мектептерди куруу сындуу элдин бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп берди.

Президент Садыр Жапаров бир дагы маселе көңүл сыртында калбай турганын баса белгиледи.