Экономиканын каны бул каражат, так айтканда акча. Ал эми кан токтоп турса уюп бузулуп кеткен сыяктуу эле, акча да кыймылсыз жатса эч нерсеге керексиз кагазга айланып калат. Акча канчалык “айланса”, “жүгүрсө” ошончолук экономикага да өзүнө да пайда алып келет. Бул жөнөкөй аксиома.

Мугалимдер, маданият кызматкерлери баш болгон бир катар тармактарда иштегендердин айлык маянасынын көтөрүлүшү Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө жаңы кан куйган менен барабар болду. Себеби, мамлекеттин ичинде акча каражатынын айлануусу жогорулады. Биз мугалимдер, маданият кызматкерлери, китепканачылар 35-40 миң сомдон айлык алышууда деп “медалдын” бир тарабын гана көрүп кубануудабыз. Чыныгы кубаныч тартуулаган экинчи тарабы да бар. Соц.тармакта иштегендер негизинен орто турмуштагы жашоочуларга кирет. Бул тармакта иштегендердин ичинен тапкан каражатын банктарга салып же катып кыймылсыз калтырып жыйноочулар жокко эсе. Булар тапкан каражаттарын бир айдан экинчисине жеткизбей жок кылуучуларга киришет. Так мисал, бир таанышым мугалим эле. Айдын башында “Айлык маянамдын колума тийгени 42 миң болду”, - деп жерге батпай кубанып жүргөн. Арадан 20 күн өтпөй дүкөндөн “келаткан айлыктын эсебинен” деп жаздырып ар нерсе алып жатканын көрдүм. Демек маянасы 20 күнгө жетпей жок болгон. Кайда кетти? Мурунку карыздарга, кийим -кечеге, азык-түлүккө кетсе керек. Ашса эле үй жайын оңдоого же керектүү тиричилик буюумдарын жаңыртууга жумшайт.

Демек, айлык маяналардын жогорулашы менен бирге мамлекетте ички акча жүгүртүүнүн көлөмү жогорулады. Соодада отургандардын соодасы кызыды. Ал өз кезегинде тикмечилер сыяктуу ишкерлердин ишин жакшыртты. Ал жакта кошумча жумушчу орундар пайда боло баштады, айлыктары көтөрүлдү жыйынтыгы кайра келип мамлекетке төгүүчү салыкты көбөйттү.

Мына экономикабызга жаңы кан куюла баштады дегеним. Акча жүгүртүүнүн сырын билүү - бул өтө татаал процесс. Өндүрүш менен суроо талаптын ортосундагы айырманынын тамырын кармап анан каражат жүгүртүүнү көзөмөлдөбөсө күтүүсүз инфляция башталып кетүү коркунучу болот. Экономиканын күрө тамырынын сырын билүү татаалдыгы да ушул жерде жатат. Базар экономикасынын бир артыкчылыгы анын өзүн өзү теңдеп кармай алгандыгында. Бул жагынан биздин банкирлерибиз менен экономистерибиз биртоп бышыгып калышканын акыркы жылдардагы дүйнөлүк экономикалык кризистерден аз жабыркап чыгып жатканыбыз көрсөтүүдө.

Карл Маркс атуу чоң аксакалдын “Акча-товар-акча”- деген экономикалык теориясынын сыры ушул. Кыскартып айтканда айлык маяналардын көтөрүлүшү менен жүдөй баштаган экономикабызга жаңы кан куюлду. Демек, маяналардын көтөрүлүшү жеке эле айлык маяна алуучуларга эле эмес мамлекеттин өзүнө да пайдалуу иш болду.