Эл аралык валюталык фонду, көз карандысыз бир катар эксперттер дүйнөлүк экономика пандемиядан, Россия Украинада денацификация, демилитаризиция  деген аскердик операцияларды жүргүзүп, ага каршы НАТО, Еврошериктештик мурда болбогондой экономикалык, каржылык катаал санкцияларды киргизгенинен улам дүйнөлүк экономика  экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң оор абалга тушукканын маалымдашууда. Аны азыл-түлүктөргө, кеңири керектелчү товарларга болгон баалардын күндөн күнгө өсүп жатканы да ырастоодо.

Жыл башында Министрлер Кабинети 2022-жылга экономикалык, каржылык оптимисттик  божомолдорду жараналаса, азыр Өкмөттүн деми кайтып, антикризистик чараларга негизги басым жасап жатканын билдирүүдө. “Кудай кылганга, кубарыңдын акысы барбы” дегендей, жалпы адамзатка келген катаалдыкты көтөргөндөн башка айлабыз жок. Андан четте кала албайбыз. Иши кылып Өкмөт баарын болбосо да эл алдындагы социалдык милдеттенмелерин аткарса болду.

Биздин тагдырыбыз Россияга байланышкан, стратегиялык товарларды же энергоресурстарды, темир, жыгач, көптөгөн курулуш материалдарын ж.б. андан алабыз. Жыл сайын эмгек мигранттары которгондор жылдык бюджетибизден ашыкты түзөт. Бул өңүттөн алганда, Россияга Батыш өлкөлөрү газ, нефти үчүн төлөмдөрүн мурдагыдай евро, доллар менен эмес, рубль менен төлөй баштаганы, ЕврАзЭШтин аймагында да Россия  өз товарларын рублге сатканга өткөнү бизге пайдалуу. Анткени, Батыштагылар алгач өз валюталарына рублди сатып алышса, КМШдагы соода, төлөөлөр да рубль аркылуу жүргүзүлө баштаса, рублдин долларга, еврого карата наркы жогорулайт, анын алгачкы белгилери байкалууда. Демек, мигранттарыбыз жөнөткөндөрдүн да кундары артат. Рубль ишенимдүү валютага айланат. Дегиңкисинде, дүйнөдөгү валюталардын баардыгынын кундарын долларга байлап коюу - АКШнын, эл аралык каржылык магнаттардын кызыкчылыктарын гана көздөйт, алар андай операциялар, биржалык оюндар  аркылуу  күн сайын миллиарддаган долларларды, евролорду таап турушат. Андай сүткөрлүк системага каяша кылгандарды, өзгөчө ачык каршы чыккандарды Саддам Хусейндей жок кылышат. Ага акыбалдары жетпесе, экономикалык, каржылык чектөөлөр менен муунтууга аракеттенишет.

Эгерде ички ресурстарын толук пайдаланса, айрымдар айтып жатышкандай, Россиянын санкциялардан утуш менен чыкканга толук мүмкүнчүлүгү бар. Анткени, ал негизги товарлар, материалдар боюнча эч кимге көз каранды эмес. Ички ресурстарга басым жасалса, өндүрүш тармагы кеңейет, жаңы жумушчу орундар көбөйөт. Ал биздин мигранттарыбыз үчүн да пайдалуу.

Дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдүн жүгүртүүдөгү акчалары улуттук ички дүң жыйымына, экономикасына жараша болот. Түшүндүрсөк: мисалы Кыргызстандын ИДЖсы 8,5 миллиард доллар болсо, анын үчтөн бирине жакынынан бюджеттин көлөмү келип чыгат. Ал эми жүгүртүүдөгү акчалар бюджеттин үчтөн биринен ашпоосу керек, андан ашып кетсе, акчанын массасы товардык массадан көбөйүп, инфляция башталат. Дүйнөлүк улуттук экономикалардын дээрлик баардыгында мындай пропорция сакталат. Андай экономикалык, каржылык мыйзам ченемдүүлүктөр менен эсептешпеген дүйнөдө бир гана өлкө бар, ал - АКШ. Анын валютасы дүйнөлүк  акча болгондуктан каалаганча долларларды басып чыгарып, башка өлкөлөргө сатса, алардын басымдуу көпчүлүгү АКШнын каржылык рыногуна залакасын тийгизбей, башка өлкөлөрдүн банктарында, базарларында айланып жүрө берет.

Бул жагынан алганда, АКШны - дүйнөдөгү №1- фальшивомонетчик же жалган акча чыгаргыч десек жаңылбайбыз. Анткени, анын ИДЖсы 21 триллион доллар болсо, жүгүртүүдөгү нак акчасы жүздөгөн триллиондорду түзөт. Же АКШнын экономикасы өзүнчө, каржылык системасы өзүнчө. Бири-бирине байланышпаган. АКШ бир эшалон жаңы доллар чыгарып, ага каалагандарынын баарын сатып алса деле ички рыногуна тааасир этпейт. Же АКШга акча басканга кагаз эле болсо болду, дүйнөлүк экономиканы өзү каалагандай калчай берет.

Дүйнөдөгү мындай каракчылык система кыйраса, улуттук валюталардын көпчүлүгү ага байланбай, реалдуу күчүнө жараша гана жүгүртүлө баштамак. Ошондуктан биз  Россиянын Украинадагы аскердик операцияларын жактырбасак да анын доллардык, евролук көз карандылыктан бошонуу боюнча  аракеттерин колдогонубуз туура. Ал биздин экономикалык, каржылык кызыкчылыктарыбызга ылайык келет.

Булак: “Майдан. kg” гезити