Мамлекеттик салык кызматы январь-апрель айларында 14 млрд 445,5 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, белгиленген план 3,6 пайызга же 495,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 млрд 430,4 млн сомго көп чогултулду.

 

Булак: Маралфм