Ушул жылдын 1-апрелинен бир катар бюджеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринин маяналарын, 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүү пландалып жаткан. Бирок «ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет» дегендей, геосаясий абал мамлекеттик бюджетти кайрадан карап чыгуу зарылдыгын көрсөтүүдө.

Россия-Украина кырдаалынан улам  негизги тамак-аш азыктары кымбаттап, элдин басымдуу көпчүлүгүн капчыктарына сокку болду. Инфляциянын көлөмү буга чейин айтылгандай, 12 % эмес, 30-40 %дын тегерегинде болот окшоп калды. Мындай шартта элдин түйшүгүн жеңилдетип, кризисттик абалдын оорчулугун билдирбөө үчүн жарандардын кирешелери индексацияланышы зарыл. Ошондуктан, Министрлер кабинети 1-апрелде айрым тармактардагы иштегендердин гана айлыктарын көбөйтпөстөн бардык жарандардын  айлыктары көтөрүлүшү кажет. Пенсияларды көбөйтүү  да 1-октябрдан эмес, азыртан жүргүзүлүп, апрель айынан тартып көбөйтүлгөн пенсия, жөлөкпулдар бериле баштоого тийиш. Министрлер кабинети кризиске каршы чаралар көрүлүп атканына ишендирүүдө. А.Жапаров жетектеген Антикризистик комитет түзүлдү. Аталган комитет ушул маселелерди колго алып, элдин жеңилин жерден, оорун колдон алган иш -аракеттерди көрөбү? Же комитеттин иши айтылгандар, кагазда жазылгандар менен чектелеби?

Булак: “Майдан. kg” гезити