Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда доллар 100 сомго (сатып алуу) көтөрүлдү. Сатуу - 104 сом.
Бул 16:00го карата берилген маалымат. Белгилей кетчү жагдай, мындан бир-эки саат мурун эле америкалык валютанын баасы 2,5 сомго арзаныраак болчу.
Айрым коммерциялык банктарда баасы төмөнүрөөк.
Евро да өстү: сатып алуу - 106-109 сом, сатуу - 109-112 сомго чейин.
Булак: kaktus.kg