Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова 17 -августта “Биринчи радионун” уктуруусунда Кумтөрдөгү сот процесстери боюнча сүйлөдү.

Tazabek маалымат булагы ал билдирүү боюнча кошумча түшүндүрмө берүүнү суранды.

Биз Динара Кутмановадан сот процесси жана чечим кендин ишине кандай таасир этиши мүмкүн экенин сурадык.

Динара Кутманова бизге түшүндүргөндөй, "Центерра" бардык жолдор менен, ошондой эле сот аркылуу бир нерсеге – "Кумтөрдүн" иштебей калышына жетишүүгө аракет кылып жатат.

“Биз буга эч кандай шартта жол бербейбиз” деди ал.