Өлкөбүздүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылуусу, мамлекеттин социалдык милдеттемелерди аткаруусу көптөн көп салыктардын чогулуусуна, бул жааттагы пландын аткарылуусуна көз каранды.

2021-жылдын башынан бери 47 млрд. сом салык жыйналды. Муну өлкөнүн Салык кызматынан билдиришти. Бул коюлган план ашыгы менен аткарылды дегенди билдирет. Тагыраак айтканда, план 5,8 %га, 2 млрд. 579,9 млн. сомго көп аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырып айтканда, салыктык жыйнамдар 13 млрд. 376 млн. сомго көп болгон.

Республикалык бюджетке 37 млрд. 817,8 млн. сом түшүрүлгөн болсо, жергиликтүү бюджетке 9 млрд. 151 млн. сом түшүрүлгөн.