Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти.

Киреше быйылкы алты айга белгиленген пландан 3 млрд 458,1 млн сомго көп болгон. Ошол эле учурда былтыркы жылга караганда киреше 28 млрд 296,6 млн сомго көбөйгөн.

Ал эми республикалык бюджеттин алты айдагы чыгымы 80 млрд 191,7 млн сомду түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу чыгашалар 10 млн 45,9 млн сомго арткан.

«Алдын ала маалыматтар боюнча жарым жылда республикалык бюджеттин профицити 575,3 млн сомду түздү», — деп билдирет министрлик.

Марал радиосу