Батышчыл айрым  акылдуусунгандардын реалдуулукка сыйбаган дискурсивдери тууралуу

Бизде чет элдик саясый, социалдык фактылардан түлкүнүн куйругандай кылаңдаган бир жаңы сөз айкаштарын же жаңыча терминди таап алып, анын обьективдүү тарыхый, гегорафиялык, менталдык өзгөчөлүктөрүн эске албай туруп, Кыргызстандагы бир фактыга, окуяга же окуялардын тизмегине жабыштырып, түз жерден туураланып, Диегондой акылчы, обсерваториялардан ааламдын түпкүрүн карагандардай серепчи, баяндамачы болгусу келгендер көп болгон жана мындан ары да боло берет окшойт. Биздеги ар кандай чүмбөттөрдү жамынган, бирок алары үчүн нак гранттарды жеп турган өкмөттүк эмес уюмдар, алардын айланасындагылар бизди көз карандысыздыктан бери ошого үйрөттү, көндүрдү. Батыштын же окаендын ар жагындагы алашымчандардын бир модалуу терминин, түшүнүгүн, эң эле бери болгондо модалуу сөз айкашын кайталап, алардын көңүлдөрүн алып турбаса, кандай келесоо жөн эле акча берсин? Акча алыш үчүн да биринчи кезекте аларды кармагандарга жагуу, жок дегенде жаңыча сөз айкаштары менен баштарын айландырып, мээлерин пудралап туруу керек.

Рационалдуу популизм – саясаттын негизги базасы

Бир айымдын интернет аркылуу чет өлкөлөргө да тараган заманбап ойчулдай, бери дегенде модалуу серепчидей көрүнгүсү келген менен ичинде аналитикалык обьективдүү талдоосу, саясый маани баркы да, салмагы да жок, жөн эле модалуу кооз сөздөрдүн айкаштарынан турган “Национал-популизм Садыра Жапарова” деген, төрт буудайды алдына жайып алып, дүйнөнүн сырларын түшүндүргүсү келген апендидей өтө примитивдүү макаласы менен дыкат таанышып чыккандан кийин биз жогорудагыдай ойлордун тизмегинде калдык. Биринчиден, саясатта популизм болбош керек дегенди азыркы замандын кандай апендиси ойлоп чыгаргандыгына рационалдуу акылыбыз, баам чаркыбыз жетпеди. Саясат, бул У.Черчиллдин сөздөрү менен айтканда, элге ооз толгуча убадаларды берүү, эгерде алар ишке ашпай калса, алардын башкалардын күнөөлөрүнөн аткарылбай калгандыгын элге ынанымдуу кылып түшүндүрүү. Же дагы тагыраак айтканда, саясаттын өзөгүн дайыма белгилүү деңгээлде популизм түзөт, ансыз чоң саясат деген болбойт. Кеп оролу, анын канча пайыздык катыштыгында же рационалдуу же иррационалдуу эмес курамында гана.

Айрым саясатчылар иррационалдуу убадаларды берип, ишке ашпас пландарды, концепцияларды деле проекциялар беришет, андайлар азыр деле ашыгы менен жетишет, бирок алар акырындап элге, электоратка, дүжүр балагандардай көрүнүп калышат. Мыкты саясатчылар рационалдуу убадаларды беришет, алардын 60-70 пайызы аткарылса деле электорат, эл ыраазы болот. Анткени, саясатчылыкта, убадаларды берүүдө сөзсүз апыртмалардын, аша чабуулардын болорун эл Батыштын терминдери, импозанттуу, бирок ичи көңдөй сөз айкаштарысыз, жаңы терминдерисиз деле мыкты түшүнөт. Эл саясатчылардын убадаларын алдын ала скидка менен кабыл алат, алардын аныгында аткарылбай калгандыгына эч ким деле көңүл бурбайт. Бизде андай көрүнүштөр бар, бирок Садыр Жапаровду, анын айланасындагыларды “популизм” менен айыптоо жөн эле реалдуу саясый, писихологиялык абалды, жагдайды адекваттуу түшүнбөгөндүк.

 

Садыр Жапаров популизм аркылуу эмес, элдик толкун менен бийликке келген

Кыргызстандын жаңы тарыхындагы президенттик шайлоолордо Садыр Жапаровдой аз сүйлөгөн, үгүттүк, жарнамалык кагаздарын аз таркаткан президенттикке талапкер болгон жок, мындан ары деле болушу кыйын. Анткени, ал популизм менен эмес, элдин тереңинен башталган, көз боемоочулуктарга, бурмалоолорго чыдап тура албаган элдик нааразылыктын, стихиялык толкундун аркасы менен саясый олимпке чыкты, анан таза шайлоодо легитимдүү мамлекет башчысы болуп шайланды. Эч кандай акча, белек-бечкектерди таркатпаган толук таза шайлоонун аркасы менен 80 пайыздык добушту алган мурда Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Шайлоочулардын бир бөлүгүнүн Садыр Жапаровдун татаал тагдырына, көп жылдык куугун сүргүндөрдө жүргөндүгүнө бир жагынан боорлору ачышса, экинчи жагынан андан башка ишеничти пайда кылган талапкер болбогондугунан аны шайлашты. Элдин арасынан чыккан, башынан бардыгын өткөргөн саясатчынын колу-бутун байлаган эч кандай ашыкча комплекстер жоктугуна, ал убада кылгандарын, колунан келгендердин баардыгын аткарууга баш оту менен киришерине ишеништи. Азырынча ал ишенимди, үмүттү актоодо. Мурдагы бийликтин чейрек кылымдан бери алдары жетпей, чечүүчү учурга келгенде эле артка кайта бермей ойномо позицияларын старт алганда эле жоюп, ичтен, сырттан чыгымдар, басымдар көп болбогондугуна карабастан “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарды. Ал бул күрөштө сөзсүз жеңүүчү болот, анткени аны бул маселеде эл толук колдойт.

Мына ушундай элдик толкун менен саясый олимптин эң башкы чокусуна келген адамды кесипкөй шоумен, АКШлыктар элитадагыларына өчөшүп эле шайлап коюшкан Дональд Тарампка салыштырып, аны менен параллель жүргүзүп, ички, сырткы окшоштуктарды издөө жөн эле кесипкөйлүктүн, реалдуу жагдайды адекваттуу түшүнбөгөндүктөн болууда. Д.Трамп АКШнын саясый элитадагыларынын бир бөлүгү ак кол джентльмендерге каршы даярдаган атайын долбоордун тактекеси, көп жагынан парадоксалдуу шоу дүйнөсүнүн да өкүлү болсо, Садыр Жапаров чыныгы элдик түпкүрүнөн  кырдаал суруп чыккан элдик фигура.

Элдик адамда – элдик популизм да болот

Ооба, Садыр Жапаровдо улуттук популизмдин элементтери болушу толук мүмкүн, ал элдик адам. Эмне үчүн мамлекеттин башкы кызматында турган адамда рационалдуу популизмдин үлүшү болбошу керек? Ал кай жерде жазылып же катталып турат?  Анын жогунан болгону жакшы, аны улуттук фактор менен байланыштырышса, ал андан да жакшы. Кыргызстанда отуз жыл бою титулдук элдин түзүүчү энергиясын ойготуп, аны артынан ээрчитип кеткенге жөндөмдүү, харизмалуу жетекчинин болбогондугунан улам көп жагынан азыркыдай кыйынчылыктарга батып, улуттук духту ойготкудай жетекчинин, идеялардын чыкпагандыгынан улам перманенттүү кыйынчылыктардан баштарыбыз чыкпай келди. Эл чындап ойгонгондо, козголгондо мамлекетти башкарууну, анын жердин үстүндөгү, түбүндөгү кен байлыктарын ээликтеп, башкарууну, акыр аягында элдин, мамлекеттин өнүгүп өсүүсүн өз колуна алат экен. Биз аны Садыр Жапаровдун мисалында көрүп жатабыз. Садыр Жапаровдун колдоочулары көппү же каршылаштарыбы? Албетте, колдогондор көп. Колдобогондор баягы эле коррупционерлер, сырт жактардан келген акчалардын эсептеринен жашап, алардын сөздөрүн сүйлөөчү дүжүр оюнчуктар. Рационалдуу улутчулдуктан чочулабоо керек, улуту жок жүргөндөрдөн коркуу зарыл. Анкени, алар үчүн ыйык эч нерсе болбойт. Улутчулда жок дегенде өз элин сүйүү, кастарлоо, ага кызмат кылуу сезимдери бар. Кыргызстандын саясый, психологиялык шартында бизге ошолор көп көйгөйлөрдү жаратуусу мүмкүн, жаратып да жатышат.

Улуттук дух, рух чындап ойгонгондо, элдин иденттүүлүгү күчөйт, биримдик, ынтымак, мекенчилдик сезимдер дайыма артат. Бирок, алардын ичтеги, сырттагы айрым атаандаштарга жакпоосу да ыктымал. Анткени, ичте, сыртта Кыргызстандын экономикасы, саясаты бакубат күчтүү өз элинин кызыкчылыктарына гана негизделген саясат жүргүзүүсүн жактырбаган, каалабаган досторубуз, душмандарыбыз да аз эмес.

Ал эми ислам факторуна келе турган болсок, биздин шартта бирөөлөр каалайбы же каалабайбы, айрымдарга жагабы жакпайбы, мындан ары исламдык фактор, улуттук иденттүүлүк сезимдери, либералдык-демократиялык баалуулуктардын айрым звенолорунун кризиске учуроосу да арта берет. Ал Кыргызстанга гана эмес, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө күчөп бараткан реалдуу көүнүштөрдөн. Же кеңирсиген кең дүйнөнүн бардык ооруу-сыркоолорун Кыргызстандан да издей бергенге реалдуу жагдай жок. Кыргызстандын жаңы паспортуна улутту көрсөтүүнүн же көрсөтпөөнүн киргизилиши - чындыгында эч кимди деле кызыктырбайт. Эмне үчүн жаран өз мамлкекетинде жашап жатып, кааласа өз улутун көрсөткөнгө укуктуу болбошу керек? Каалабагандар жаздырбай эле коюшсун, анда өзгөчө маселе деле жок.

Дүжүр “акылмандар” эмнелерди издешпесин, жазышпасын Кыргызстан мурдагы башкаруучулардын убагындагыдай, ар кимдерди туурай бербестен накта өз жолу менен кетиши керек. Ошондо гана ишенимдүү, жарык келечеги болот. Ал маселелердин баарын Садыр Жапаровго жабыштыра бергенди окумалдар жөн эле эклектика же натыйжасыз ой жоруулардын түрмөгү деп коюшат.

Тынчтыкбек  Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити