Аналитика

Сая албаган ийне тандайт

Мына, Кыргызстандын 29,5 жылдык жаңы тарыхында 31-өкмөт түзүлүүдө. Президенттерди алмаштыруу жагынан бизге Армения атаандаш болушу мүмкүн, бирок өкмөттү алмаштырып, мамлекеттик органдарды кайра-кайра реформалоо жагынан КМШдагы бир дагы мамлекет тең келе албайт. Анысына деле мейли эле, жогорку даражадагы мамчиновниктердин кимиси келип, кимиси кеткендигинин карапайым калкка ысыгы да, суугу да жок. Ал жаңы дайындалгандардын, шайлангандардын жакындарын гана кубандырып, алардын айлана-тегеректериндегилерде жаңы үмүттөрдү жаратышы гана мүмкүн. Бирок өкмөт канча алмашып, министрликтер, ведомстволор кайра-кайра калчанган менен экономикабыз сезилерлик илгерилебей, элдин турмушу жакшырбай жатпайбы. Улам жаңы премьер-министр келип, бийик-бийик сөздөрдү айтып, каадалана, тууралана басып, убадаларды берет, бирок алардын айтарлык натыйжалары, көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктары болбой жатат. “Халва, халва деп канча айтсаң да оозуңа ширин татыбайт” дегендей эле болууда. Андай перманенттик өзгөрүүлөрдөн, баш аягы көрүнбөгөн Чапаевшинадан эл деле жадап бүтүп, өзгөрүүлөргө да, реформаларга да кайдыгер болуп калды.

Жаңы ѳкмѳт башчы жѳнүндѳ

Ачыгын айталы, Улукбек Марипов башында туруп, жаңыдан түзүлүп жаткан  31-өкмөт деле бизде өзгөчө оптимизмди жаратпайт. Анткени, Жогорку Кеңеш 10-январдагы элдин эркине ылайык, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы вариантын кабыл алгандан кийин бул өкмөттү да отставкага кетирип, жаңы өкмөт түзүү зарылдыгы пайда болот. Анткени, аракеттеги Баш мыйзамга ылайык, азыр өкмөт башчынын ыйгарым укуктары президенттикине барабар болсо, жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин ал Президенттик администрациянын башчысынын деңгээлиндеги эле канцелярдык кызмат болуп калганы турат. Өкмөт башчысы президент өзү болот, премьер-министр анын орун басары макамына түшүрүлгөндөн кийин ал өз алдынча чарбалык, каржылык маанилүү маселелерди чече албай калат. Анын ишке ашышына дагы бир канча убакыт бар, өз сөзүбүзгө кайрылсак, У.Мариповдун өзгөчө үмүттү, ишенимди жаратпагандыгынын себеби, ал түздөн-түз экономикалык, чарбалык иштерге аралашкан эмес, бул жаатта айтарлык тажрыйбасы жок. Экинчиден, кыргызстандыктар аны эч кандай харизмасы, ашыкча амбициясы жок, айдаганга көнгөн, өз алдынча эч нерсени чечпеген, ага аракет да кылбаган канцелярдык кызматкер катары гана билишет. Биздин оюбузча, ал өкмөттү башкарганда деле анысынан жазбай, техникалык функциясын аткарып бүткүчө “жумшактын алды, катуунун үстү менен” дегендей, илдиреп-кылдырап  иштеп кетет. Жогорудагы чоң саясатчылардын бир планын ишке ашыруу үчүн, мүмкүн, ал ыңгайлуудур, бирок андайдын экономикага, элге эч кандай реалдуу пайдасы болбостугун бөркүңүздөй көрсөңүз болот.

Кѳрнѳгү алмаштырылгандан эч нерсе ѳзгѳрбѳйт

Жаңы Өкмөттүн башчысы адегенде эле министрликтерди, ведомстволорду азайтып, 22 министрликтен 16сын калтырып, айрым ведомстволорду бириктире тургандыгын билдирди. Бул да кыргызстандыктардын көкөйлөрүнө көк таштай тийип, аллергияларын гана кармата турган, бир сөлкөбайча да баркы, наркы жок примитивдүү популизм. Башкасын айтпай эле коёлу, көз карандысыздыктан бери энергетика тармагы канча жолу реформаланды? Мурда ал натыйжалуу иштеп жаткан бирдиктүү министрлик болсо, аны  таркатып, бири-бирине баш ийбеген 9 субьектиге айландырышты. Министрлик деген атын өчүрүп холдинг деген көрнөктү тагышты. Мурда электр энергиялары ГЭСтерден эле түз керектөөчүлөргө келсе, азыр анын өндүрүлүшүнө “Электр станциялары” деген ААКы кожоюндук кылат, ал энергияларды “Улуттук электр тармактар” ишканасы деген транспорттоп, “Түндүкэлектро” , Чыгышэлектро”, “Түштүкэлектро” деген ААКларга берет, алар өз кезегинде Атамбаевдин  балдарын марытып жаткандай ортомчу ишканаларга өткөрүп беришет, же электр энергиялары элге, керектөөчүлөргө төртүнчү, бешинчи колдон өткөндө гана жетет. Ага чейин ар субьект өзүнүн шапкесин кошуп отуруп, ГЭСтерде ар киловатт-сааты 10-20 тыйындан өндүрүлгөн болсо, элге 1 сомдон, чарбалык субьектилерге 2,5 сомдон кылып сатышат. Жолдо-белден мителерди көбөйтүп, максат кандай жол менен элди эле тоноо болсо, аны реформаларга, кайра уюштурууларга шылтап, жашырып-жаппай эле элге: “Айланайындар, биз ушинтип реформаларга шылтоолоп, силердин эсебиңерден майга-сүткө малынып жыргап жашап жатабыз, кудай кечирбесе да силер кечиргиле”,- деп ачык эле айтышпайбы. Эми холдинг деген атын жоюп, министрлик деп атаганы жатышат. Андан эмне өзгөрөт? Эгерде мите курттарга айланган 9 субьект жоюлуп, иерархиялык, каржылык жактан бир субьектиге айландырылбаса, андан эч нерсе деле өзгөрбөйт. Кеп атында эмес, затында. Затын өзгөртпөй туруп жөн эле көрнөгүн алмаштыра бергенден эч нерсе чыкпайт. Тилекке каршы, 31-өкмөт да андай чиеленишкен коррупциялык түйүндү чечкендин ордуна көрнөгүн гана алмаштыра койгон жеңил жолго түшүп алды окшойт.

Грузияда М.Саакашвили президент болгондо энергетика тармагындагы мите түзүмдөрдүн баарын жоюп, күчтүү бир министрликке айландыргандан кийин алар өз күчтөрү менен  чоңу, кичинеси болуп 16 ГЭСти курушуптур. Бизде деле энергетика тармагындагы митечилик жоюлса, карыздарынан да кыйналбай кутулушмак, чоңдору болбосо да өз күчтөрү менен чакан, кичине ГЭСтерди кура башташмак. Тилекке каршы, биздин жетекчилердин андай кардиналдуу чараларга эрктери жетпей, косметикалык ремонттор, орун алмаштыруулар менен эле алектенип келатышат.

Билим берүү министрлигине илимдин кандай тиешеси бар?

Кыргызстанда ашыкча, бири-бирин кайталаган түзүмдөр, эч кандай реалдуу пайдасы жок ведомство, агенттиктер, кызматтар жетишерлик. Алсак, Билим берүү министрлигине “илим” дегенди неге жабыштырып коюшканы түшүнүксүз. Ал жерде илимге байланышкан эч нерсе деле чечилбейт. Кыргызстанда илимге КУИА, анан ВАК, ЖОЖдордун илимий кеңештери жетекчилик кылышат. Билим берүү министрлигинин негизги функциясы - сапаттуу билим берүүнү уюштуруп, аткаруу гана болуп саналат. Бирок “илим” деген сөздү кошуп коюшкандан кийин академиктер, илимдин докторлору, илимий мекемелердин жетекчилери министрликтеги катардагы дипломдууларга барып, кагаздарына виза койдурганга аргасыз болушууда. Министрликте отургандар виза койгондон башка эч нерсени деле чечишпейт. Андай ашыкча бюрократиянын мамлекетке кандай  зарылдыгы бар эле?

Айыл чарбасы эбак жеке чарбаларга таркап кеткен. Айыл чарба министрлигинин аларга кереги да жок. Аларга жеңилдетилген кредиттерди берүүчү, үрөндөр, жер семирткичтер, химикаттар менен камсыз кылуучу сервистик борборлор гана керек. Алар канча көп болсо, атаандаштык ошончолук күчөп, товарлар, сервистер ошончолук арзандамак, бирок айыл чарба министрлиги аларга монополист болуп алып, андагылардын айрымдары аларды сатуунун эсебинен күркүлдөрдөй жашап келатышат. Мурда ал министрликти жалаң экономист, зоотехниктер, агрономдор жетектешчү эле, Кыргызстандын башкы бадыраңчысы баргандан кийин деле эч нерсе өзгөрбөдү. Ал министрликти биротоло жоюп салып, сервистик борборлорду эле калтырса, бюджеттин жүгү кыйла жеңилдемек.

Түшүнүксүз кайра уюштуруулар

Жаңы өкмөттүн Экономика министрлиги, антимонополиялык комитет, кендерди пайдалануу агенттиги сыяктуу бир катар түзүмдөрдү жойгондугу эң эле туура. Бирок  жаңы өкмөттүн курамында Транспорт жана коммуникациялар, Социалдык өнүктүрүү министрликтеринин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети жоктугу ойлондурууда. Анткени, Транспорт министрлигинин курамында эл чарбасы үчүн айрым министрликтерден, ведомстволордон да маанилүү (маселен, аба каттамдары) беш-алты түзүм бар. Анын үстүнө биздин тоолуу, географиялык татаал шартта автожолдор эч кандай апыртуусуз өлкөнүн күрөө кан тамырларындай эсептелет. Акыркы жылдарда Транспорт министрлигинде коррупциялык көрүнүштөрдүн көбөйүп кеткендиги чындык, бирок ага шылтоолоп эл чарбасы үчүн өзгөчө маанилүү министрликти жоюп, аны дүңүнөн башка министрликке апарып кошуп таштоо же макамын төмөндөтүү туура эмес.

Баш мыйзамга ылайык, биздин өлкө - социалдык мамлекет. Демек, Социалдык өнүктүрүү министрлигин жоюп салуу биздин Баш мыйзамга деле ылайык келбейт. Өлкөнү санариптештирүү, жолдорго видеобайкоочу аппараттарды орнотууну көбөйтүү, иш кагаздарын азайтуу, административдик-аймактык реформаларды ишке ашыруу сыяктуу чараларга артыкчылык берилип жатканда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин жоюп салып, Мамкаттоону Ички иштер министрлигине алып барып кошуп таштоо да ойлондурбай койбойт.

Жалпысынан алганда, бул жолу өкмөттү түзүүдө ар кандай кадамдар, чечимдер терең ойлонулбастан “элге реформатор катары көрүнүп коёлу” деген ойдо эле ишке ашырылып жаткандай сыяктанат. Кандай түстөгү мышык болсо да, чычкан кармаса болду деңизчи, бирок бул ирет Улукбек Мариповдун “мышыгынын” чычкан кармарына ишенүү эң эле кыйын болуп турат, тилекке каршы…

 

Мирлан Дүйшѳнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити